Кыргызская версия сайта   Русская версия сайта   Турецкая версия сайта
Сиз сайттын кыргызча бөлүмүндөсүз

Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды

18 сен 2014
Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды
Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка кечээ, 17-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. Айта кетсек, Жунусовдун аталган кызматка талапкерлигин өткөн аптада парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети жактырган эле.
Ибрагим Жунусов:
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган.
Билими жогорку. 1983-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1984-1986-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын окутуучусу болуп иштөө менен баштаган.
1986-жылдан 2002-жылга чейин Ош мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин окутуучусу, доцент болгон. Ал эми 2002-2005-жылдары искусство факультетинин деканы, 2005-2007-жылдары Ош мамлекеттик уинверситетинин биринчи проректору болгон.
2007-жылы “Ак жол” партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Ал эми 2010-жылдын февраль айынан ошол эле жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген.
2010-жылы болсо “Ата Журт” идеологиялык демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2010-жылдын 20-декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча Вице-премьер-министри болуп эмгектенген.
Ал эми 2011-жылдын 24-декабрынан тартып КРнын Маданият жана туризм министри болуп дайындалып, 2013-жылдын 26-февралында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен КРнын Маданият жана туризм министри кызматынан бошотулган. dle 10.1
135

Бул темага дагы:

Ибрагим Жунусовду Түркияга элчи кылууга парламент комитети макулдук берди

Ибрагим Жунусовду Түркияга элчи кылууга парламент комитети макулдук берди

Мурдагы маданият министри Ибрагим Жунусовду Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кылып дайындоого парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитети макулдук берди. Муну
Асылбек Жээнбеков Түркиянын президентинин инаугурациясына катышып, аны мене ...

Асылбек Жээнбеков Түркиянын президентинин инаугурациясына катышып, аны мене ...

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 28-августта жаңыдан шайланган Түркиянын 12-президенти Режеп Тайип Эрдогандын кызматына расмий киришүү аземине
Түркияга эң көп немис жана орус туристтер келиштиТүркияга эң көп немис жана ...

Түркияга эң көп немис жана орус туристтер келиштиТүркияга эң көп немис жана ...

Маданият жана туризм министрлигине караштуу Таанытуу башкармалыгынын мүдүрү Ирфан Өнал, жүргүзүлгөн ийгиликтүү таанытуу иш-чараларынын негизинде Түркия
Түркияда Атамбаев менен Абдулах Гүл үйлөнүү тойго барышты

Түркияда Атамбаев менен Абдулах Гүл үйлөнүү тойго барышты

Кыргызстандын жана Түркиянын президенттери Алмазбек Атамбаев менен Абдуллах Гүл түрк аткаминери Ахмет Кайинин уулунун үйлөнүү үлпөт тоюна барышкан. Маалыматка
Президент А.Атамбаев Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуп, Түркиянын президе ...

Президент А.Атамбаев Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуп, Түркиянын президе ...

Кечээ, 10-августта президент Алмазбек Атамбаев иш сапарынын жүрүшүндө Анкара шаарында Түркия Республикасынын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен
Илим жана маданият көпүрөлөрү

Илим жана маданият көпүрөлөрү

«Түркия жана түрк дүйнөсү билим долбоору» Кыргызстан, Өзбекстан сыяктуу түрк тектүү өлкөлөрдүн жана боордош калктардын жогорку билимдүү адистер менен камсыз

Пикириңиз барбы?

Информация
Посетители, находящиеся в группе Гости, не могут оставлять комментарии к данной публикации.
ИНФОРМАЦИЯ
  Обучение на Северном Кипре.
  Контакт: Almazfm@rambler.ru
{sape_links}
Активдештирүү