Кыргызская версия сайта   Русская версия сайта   Турецкая версия сайта
Сиз сайттын кыргызча бөлүмүндөсүз

НАТО дагы да активдүү болушу керек

08 июл 2016
НАТО дагы да активдүү болушу керек
Президент Режеп Тайып Эрдоган, коопсуздук коркунучу термининин мазмуну абдан олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгонун белгилеп, бул процессте НАТОнун дагы да активдүү болушу жана жаңы коркунучтарга каршы өзүн жаңылоосу керектигин айтты. Президент Эрдоган НАТОнун Мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитине катышуу үчүн Польшанын борбор калаасы Варшавага аттанаар алдында «Ататүрк» аэропортунун мамлекеттик конок үчүндө медиа кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди.

Өткөн апталарда алгач Стамбулда андан кийин Ирак жана Сауд Арабияда болгон террордук кол салууларга көңүл бурган президент Эрдоган, эл аралык коопсуздуктун барган сайын дагы оңой сынган абалга келгенин белгиледи. Бул абалдын жалгыз Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы бир канча өлкөгө таасир тийгизген жергиликтүү маселе эместигин, тескерисинче глобалдык деңгээлде болгонун айткан президент Эрдоган, учурда классикалык коркунучтар менен катар ДЕАШ, Аль-Каида, ПЙД, ПКК, ЙПГ сыяктуу террордук уюмдар себеп болгон жаңы коопсуздук сыноолоруна туш болгондорун белгилеп өттү.

Баш калкалоочулар кризиси жана көч кыймылдарына да көңүл бурган Эрдоган, глобалдык ырааттуулук жана күч тең салмагынын уланышы үчүн шериктештиктин тилектештигин улантып, баш тарттыруучу күчүнүн дагы да күчтөндүрүлүшүнүн шарт экенин жана НАТОнун Түркиянын коопсуздугуна коркунуч туудурган абалдарга каршы дагы көп күч жумшашын күткөндөрүн баса белгиледи.

Президент Эрдоган бир суроо боюнча Чоң жыйырмалыктын (G20) саммитинин алдында Орусиянын президенти Владимир Путин менен боло турган жолугушуунун ушул айдын акырында же август айында өткөрүлө турганын айтты. НАТО Саммитинде Ирактагы жана ошондой эле Сириядагы абалдардын эки тараптуу жолугушууларда жана жыйналыштардын күн тартибинде карала турган темалар экенине көңүл бурган Эрдоган: «Муну оңой көрүшүбүз мүмкүн эмес. Жалгыз гана Сирияда 6 жылдан бери уланып жаткан процесс бар. Бул 6 жылдын ичинде 600 миңге жакын адам Сирияда өлтүрүлдү. Кудум эле тарых сахнасында картадан өчүп бараткансыган Сирия бар. Ушундай тарыхы кылымдарга таянган өлкөнүн өчүрүлүшүн көз жаздымда калтыруу мүмкүн эмес»,-деди. dle 10.1
73

Бул темага дагы:

Дүйнө жүзү Чоң жыйырмалыктан көп нерсени күтөт

Дүйнө жүзү Чоң жыйырмалыктан көп нерсени күтөт

Эрдоган Чоң жыйырмалыкты террордук кол салууларда каза болгондор үчүн лидерлерди таазим кылып эскерүүгө чакыруу менен ачты. Президент режеп Таййип Эрдоган
Уюшкан кылмыштуу террористтерди кыйратабыз

Уюшкан кылмыштуу террористтерди кыйратабыз

Президент Эрдоган Анкарадагы кол салууну террордук уюмдар биргелешип кылганын билдирди. Президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарада 10-октябрда болгон
Эрдоган террор жөнүндө маалымат берди

Эрдоган террор жөнүндө маалымат берди

Эрдоган Анкарадагы террордук кол салуунун бүтүндөй Түркияга жана улутка багытталганын айтты. Президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарада ишемби күнү
Эрдогандын сереп салуулары

Эрдогандын сереп салуулары

Эрдоган үч өлкөнү камтыган сапарга чыгаарында журналисттерди маалыматтандырды. Президент Режеп Таййип Эрдоган Франция, Бельгия жана Японияны камтыган саякатка
Президент Эрдоган Рухани менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Эрдоган Рухани менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган Иран ислам республикасынын президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөштү Президенттик булактардан алынган маалыматтарга
Эрдоган менен Байдендин жолугушуусу

Эрдоган менен Байдендин жолугушуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган Америка Кошмо Штаттарынын Вице-президенти Жо Байден менен Стамбулда жолукту. Президент Эрдоган Сирия, Ирак жана ИШИМ коркунучу

Пикириңиз барбы?

Информация
Посетители, находящиеся в группе Гости, не могут оставлять комментарии к данной публикации.
ИНФОРМАЦИЯ
  Обучение на Северном Кипре.
  Контакт: Almazfm@rambler.ru
{sape_links}
Активдештирүү