Кыргызская версия сайта   Русская версия сайта   Турецкая версия сайта
Сиз сайттын кыргызча бөлүмүндөсүз

Президент дүйнөлүк балдарды кабыл алды

21 апр 2016
Президент дүйнөлүк балдарды кабыл алды
Президент Режеп Таййип Эрдоган​ балдар болбогон дүйнөнүн канчалык супсак, канчалык жансыз жана канчалык түшүнүксүз болоорун элестете да албаганын белгилеп: «Сиз балдар кайтаруусуз, жасалмасы, жалганы жок сүйүүнүн аты болуп эсептелесиз»,-деди.

Түркия редиотелеберүү мекемеси уюштурган 38-Балдар фестивалына катышуу үчүн Түркияга келген ондогон өлкөнүн балдары, президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан Президенттик комплексинде кабыл алынды.

Президент Эрдоган ал жердеги сөзүндө дүйнөдө балдарга белек кылынган жалгыз улуттук майрам болгон 23-апрель кубанычын ар башка өлкөлөрдөн келген балдар менен майрамдаганы үчүн кубанычта экенин айтты.

«Балдар болбогон дүйнөнүн канчалык супсак, канчалык жансыз жана канчалык түшүнүксүз болоорун элестете да албайм. Сиз балдар кайтаруусуз, жасалмасы, жалганы жок сүйүүнүн аты болуп эсептелесиз»,-деп айткан Эрдоган, эң жөнөкөй, эң таза жана эң тунук сүйүү балдардын көздөрүндө, жүздөрүндө жана кичинекей колдорунда экенин айтты.

23-апрелдин түрк тарыхы жагынан маанисине да токтолгон Эрдоган, 1920-жылы 23-апрелде Анкарада чогулган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын боштондук согушун жүргүзгөнүн, жеңиш менен жыйынтыктаганын түшүндүрдү.

Ушундай маанилүү күндүн майрам катары бүткүл дүйнөлүк балдарга белек кылынганын түшүндүргөн президент Эрдоган, кудум эле баланын аңгемеси сыяктуу туулганына жана серпилип өнүгүүсүнө күбө болгон Республикабыздын быйыл 93 жылдыгы экенин белгилеп өттү. dle 10.1
54

Бул темага дагы:

Балдардын фестивалына Кыргызстан да катышты(видео)

Балдардын фестивалына Кыргызстан да катышты(видео)

Эл аралык Балдардын фестивалына Кыргызстандан Кыргыз-Түрк Анадолу кесиптик лицейинин бийчилери катышты. Кыргыз кыздары Түркиядагы балдар майрамында Кыргыз
Лидерлер 23-апрелге карата өз куттуктоолорун жарыялашты

Лидерлер 23-апрелге карата өз куттуктоолорун жарыялашты

Лидерлер балдарды Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы менен чын дилден куттукташты. Президент Режеп Таййип Эрдоган 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар
Бүгүн 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы

Бүгүн 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы

Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы өлкөнүн жалпысында ар түрдүү иш-чаралар менен майрамдалат. Түркия дүйнө тарыхында эч болбогон нерсени жасады, балдарга
Дүйнөнүн төрт бурчунан келген балдар Анкарада жолугушту

Дүйнөнүн төрт бурчунан келген балдар Анкарада жолугушту

Эрдоган балдарга :"Кыялыңардан баш тартпагыла",- деди Дүйнө балдары президенттик сарайында президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушту. Өнөрлөрүн тартуулаган
ТРТнын 23-Апрель балдар шаан-шөкөтү уланууда

ТРТнын 23-Апрель балдар шаан-шөкөтү уланууда

Дүйнө балдары 20-21-апрелде борбор шаар Анкарада Аныткабирди зыярат кылышат. 37-Эл аралык 23-Апрель балдар шаан-шөкөтүнүн алкагында 35 өлкөдөн келген 150
Р. Т. Эрдоган Газада адамкерчиликтин жок болуп кеткенин айтты

Р. Т. Эрдоган Газада адамкерчиликтин жок болуп кеткенин айтты

Президентикке талапкер жана премьер – министр Р. Т. Эрдоган Газада адамкерчиликтин жок болуп кеткенин белгилеп : «Дүйнөнүн эч бир жеринде тарыхтын эч бир

Пикириңиз барбы?

Информация
Посетители, находящиеся в группе Гости, не могут оставлять комментарии к данной публикации.
ИНФОРМАЦИЯ
  Обучение на Северном Кипре.
  Контакт: Almazfm@rambler.ru
{sape_links}
Активдештирүү