Кыргызская версия сайта   Русская версия сайта   Турецкая версия сайта
Сиз сайттын кыргызча бөлүмүндөсүз

Медиа көз карандысыз болушу керек

11 янв 2016
Медиа көз карандысыз болушу керек
Эрдоган жарыясында ар башка үндөр, өзгөчө пикирлер өзүн айтуу мүмкүнчүлүгүн тапкан медианын, дымагы күчтүү коомдук пикир үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Мамлекеттин жетекчилиги Иштеген журналисттер күнүн куттукташты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган жарыясында ар башка үндөр, өзгөчө пикирлер өзүн айтуу мүмкүнчүлүгүн тапкан медианын, дымагы күчтүү коомдук пикир үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
Президент Эрдоган Иштеген журналисттер күнү боюнча жарыялаган билдирүүсүндө, «Улуу, түптүү жана күчтүү өлкөлөр, көп үндүү, түрдүү, таасирдүү, заманбап технология менен жабдылган басма сөз жана берүү органдарына ээ»-деп айтты.
«Медиа көз карандысыз болушу керек, басма сөздө иштегендер, журналисттер, кабарчылар канчалык эркин болушса, өлкөнүн демократиясы да ошончолук күчтүү болот»-деген сөздү айткан президент, басма сөз эркиндигинин эч качан жоопкерчиликсиздик катары түшүнүлбөшү керектигин баса белгиледи.
Эң негизгиси элдин тарапсыз жана туура түрдө кабар ала алышынын камсыздалышы экендигине көңүл бурган Эрдоган, «Түрк басма сөз тарыхы сан жеткис ийгиликтерге жетишип жатканда, тилекке каршы «пикирдин намысын зыянга учураткан, өз көз карандысыздыгын тебелеген, өлкө демократиясын үзгүлтүккө учураткан ишке ашырууларды колдогон берүүлөргө да сахна болду»-деди.
Президент Эрдоган эң татаал шарттарга карабастан дүйнөнүн ар башка аймактарында, кагылышуу болуп жаткан жерлерде жан коопсуздугун коркунучка салып милдеттерин аткарууну максат кылган журналисттердин элге туура жана тарапсыз маалыматтандыруу аракеттери мактоого арзырлык болгонун баса белгиледи.
Президент медианын байланыш технологияларындагы ылдам өнүгүүлөргө жетише алуусуна ыраазы болгонун да сөз кылып, а бирок социалдык медианын колдонулуу формасын сынга алды.
«Социалдык медиа коомдук пикир түзүү жагынан болгону сыяктуу «кара пропаганда» жагынан да кааланбаган берүүлөрдүн платформасына айланганын белгилеген Эрдоган, буларды бөлүп чыгуунун да кабарчылардын милдеттеринин арасында экендигин билдирди. dle 10.1
74

Бул темага дагы:

Эрдоган Чоң жыйырмалыктын жыйынтыгын жарыялады

Эрдоган Чоң жыйырмалыктын жыйынтыгын жарыялады

Эрдоган биргелешкен декларациянын бириккен позицияны көрсөтүү жагынан маанилүү экенине токтолду. Дүйнөлүк лидерлерди Антальяда жолугуштурган Чоң жыйырмалыктын
Дүйнө жүзү Чоң жыйырмалыктан көп нерсени күтөт

Дүйнө жүзү Чоң жыйырмалыктан көп нерсени күтөт

Эрдоган Чоң жыйырмалыкты террордук кол салууларда каза болгондор үчүн лидерлерди таазим кылып эскерүүгө чакыруу менен ачты. Президент режеп Таййип Эрдоган
Эрдогандын сереп салуулары

Эрдогандын сереп салуулары

Эрдоган үч өлкөнү камтыган сапарга чыгаарында журналисттерди маалыматтандырды. Президент Режеп Таййип Эрдоган Франция, Бельгия жана Японияны камтыган саякатка
Лидерлер 23-апрелге карата өз куттуктоолорун жарыялашты

Лидерлер 23-апрелге карата өз куттуктоолорун жарыялашты

Лидерлер балдарды Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы менен чын дилден куттукташты. Президент Режеп Таййип Эрдоган 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар
Эрдоган информатика секторуна маани бергендерин айтты

Эрдоган информатика секторуна маани бергендерин айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган информатика технологияларында илгерилөөнүн маанисин баса белгиледи. Эрдоган: «Информатика секторунда ийгиликтүү болууга
Эрдоган жолугушууларын журналисттер менен бөлүштү

Эрдоган жолугушууларын журналисттер менен бөлүштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган АКШнын президенти Барак Обама менен Уэльстеги НАТОнун саммитинде өткөргөн жолугушууларын журналисттер менен бөлүштү. Обама менен

Пикириңиз барбы?

Информация
Посетители, находящиеся в группе Гости, не могут оставлять комментарии к данной публикации.
ИНФОРМАЦИЯ
  Обучение на Северном Кипре.
  Контакт: Almazfm@rambler.ru
{sape_links}
Активдештирүү