Кыргызская версия сайта   Русская версия сайта   Турецкая версия сайта
Сиз сайттын кыргызча бөлүмүндөсүз

Түркия менен ЕБ ортосунда виза жоюулат

01 дек 2015
Түркия менен ЕБ ортосунда виза жоюулат
Давутоглу жолугушууларда ЕБ менен бирге кризистен кантип чыгуу темасында сүйлөштү.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Европа Биримдиги менен визаны жоюу темасында календар белгиленгенин айтты.
Ахмет Давутоглу ЕБ Кеңешиндеги «ЕБ-Түркия жыйынынын» артынан Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана ЕБ Комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкер менен бирге маалымат жыйынына катышты.
Давутоглу жолугушуулардын мазмунуна байланыштуу түрдө, «Бул жерде макулдашылган текстте жана биргелешкен декларациябыздагы чечүүчү концепт мүчөлүк процессибиздин кайрадан жандантылуусу»-деди.
Давутоглу жолугушууларда макулдашылган темаларды мындай тизмеледи:
«Буга караганда жыл сайын эки жыйын өткөрүлөт. Мүчөлүк процессибизди кайрадан жандантып жатканда жана ылдамдатып жатканда стратегиялык кызматташтыгыбызды кеңейткен болобуз. 14-декабрда 17-тема ачылат. Айрым башка темалар да ачылууга даярдалган болот. Ошол эле убакта визалардын жоюлушу жана артка кайтарып алуу процесстери да алдыбыздагы жылда бүтүрүлгөн болот. Булар келечекке карай жаңы темалардын ачылышы жагынан, Бажы Биримдигинин күн тартипке алынышы, экономикалык карым-катнаштарыбыздын тереңдетилиши жана эң жогорку деңгээлде стратегиялык кызматташтык жана жолугушууларыбыз жагынан абдан маанилүү кадам болуп саналат»-деди.
Баш калкалоочу кризисине байланыштуу өткөндөгү кемчиликтерди эске салган Давутоглу, «Баш калкалоочулар ушул убакта Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын кризистин башталган убактарында чечилиши темасындагы ийгиликсиздигинин чыгымын төлөп жатышат. Бул убакка дейре жоопкерчиликти өзүбүз милдеттенүүгө аракет кылдык. Ал эми ЕБ менен бирге бул кризистен кантип чыгуу темасында биргелешкен иш-аракет планы темасында макулдаштык»-деди. dle 10.1
78

Бул темага дагы:

Европа Биримдиги Түркия жарандарына коюлган визаны жоймокчу

Европа Биримдиги Түркия жарандарына коюлган визаны жоймокчу

Юнкер, Түркия менен визаны жоюуну ылдамдатуу темасында макулдашкандарын алдыга койду. Европа Биримдиги Түркиянын сириялык баш калкалоочулар кризисинде
Давутоглу маалымат берди

Давутоглу маалымат берди

Элдердин демократиялык партиясы эки жүздүү мамилесин токтотуусу керек. Жеке менчик бир телеканалга күн тартипке байланыштуу маалымат берген премьер-министр
Чечүүчү жол процесси уланат

Чечүүчү жол процесси уланат

Давутоглу Мардинде ТРТнын берүүсүнө катышып чечүүчү жол процесси туурасында маалымат берди. Премьер-министр Ахмет Давутоглу чечүүчү жол процесси жана жаңы
Согуш болсо кайгыруу да болот

Согуш болсо кайгыруу да болот

Чичек Түркиянын Европа Биримдиги процесси жана 1915-жылдагы окуялар темаларында Шульц менен пикир алмашты. Парламенттин төрагасы Жемил Чичек расмий сапар
Эрдоган Юнкерди куттуктады

Эрдоган Юнкерди куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен телефон аркылуу байланышып аны жаңы кызматынан улам куттуктады. Эрдоган
Ирактын тышкы иштер министри Жафери Түркияда

Ирактын тышкы иштер министри Жафери Түркияда

Ирактагы жаңы өкмөт менен бирге Түркия-Ирак карым-катнаштарында жаңы мезгил башталды. Ирактын тышкы иштер министри Ибрахим Жафери да ушул алкакта Түркияга

Пикириңиз барбы?

Информация
Посетители, находящиеся в группе Гости, не могут оставлять комментарии к данной публикации.
ИНФОРМАЦИЯ
  Обучение на Северном Кипре.
  Контакт: Almazfm@rambler.ru
{sape_links}
Активдештирүү