Кыргызская версия сайта   Русская версия сайта   Турецкая версия сайта
Сиз сайттын кыргызча бөлүмүндөсүз

Баш калкалоочулар Түркиянын аброюн жогорулатат

14 июн 2016
Баш калкалоочулар Түркиянын аброюн жогорулатат
Президент Режеп Таййип Эрдоган, баш калкалоочуларга 6 жыл бою каржыланган 10 миллиард доллар Түркияны чыгымга учуратпай турганын, тескерисинче киреше алып келе турганын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулдун Халич конгресс борборунда уюштурулган Эркин өнөр жайчылар жана ишкерлер коомунун (MÜSİAD) салттык ооз ачуу тамагында сүйлөгөн сөзүндө Иракта , Сирияда, Палестинада, Мьянмарда күнүгө карапайым адамдар кыргынга учуратылганын же кыйноо көргөнүн баса белгилеп, жашаган жерлериндеги кагылышуулардан качкан миллиондогон мусулмандын ар башка өлкөлөрдө кыйын шарттардын астында жашоо үчүн күрөшүп жатканын айтты.

Жер Ортолук деңиздин суулары үмүт менен бараткан жүздөгөн качкын үчүн өмүрүнүн акыры болуп жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Африкада ооз ачыш үчүн иче турган таза суу, жей турган бир тиштем нан таба албаган туугандарыбыз бар. Ооба, береке табакташы көбөйгөндө артат. Рамазанды ушул чындыктарды билип жашоо, бардыгыбыз үчүн эң чоң киреше болот. Биз өлкө жана улут катары дүйнөдөгү эч бир карапайым калкка, эч бир жабыр тарткан кишиге аркабызды салууга укугубуз жок. Жакын чөйрөбүздөн баштап өлкөбүздөгү бардык муктаж болгондорду багуу менен катар, сириялык баш калкалоочуларды да ирактык баш калкалоочуларды да карашыбыз керек. Алар өмүрлөрү жана акыбети бизге тапшырылган качкындар. MÜSİADка мүчө бардык ишкерибиздин ушул түшүнүк менен аларды багып жаткандарына ишенемин»,-деп айтты.

Түркияда баш калкалоочулардын бир бөлүгүн чатыр шаарчаларга, бир бөлүгүн контейнер шаарчаларга жайгаштыргандарын айткан Эрдоган, чындыгында бардык баш калкалоочуларды контейнер шаарчаларга жайгаштырууну каалагандарын жана бул Түркиянын аброюн жогорулата турганын белгилеп кетти. dle 10.1
44

Бул темага дагы:

Түркия жардам берүүдө батыштыктар аркасын салууда...

Түркия жардам берүүдө батыштыктар аркасын салууда...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, сыйынуучу жерлерди бутага алган террор уюму ПККнын бул жерлерге таандык эместигин айтты. Эрдоган Стамбулда Бирлик фондунун ооз
Батыш террор менен күрөшүүдө эки жүздүүлүк кылууда...

Батыш террор менен күрөшүүдө эки жүздүүлүк кылууда...

Президент Режеп Таййып Эрдоган террор менен күрөшүү темасында эки жүздүү мамиле кылган батышка каршы чыгууларын улантты. Эрдоган Түркиянын жаш ишкерлер
Президент Эрдоган ынтымак жана биримдикке чакырды

Президент Эрдоган ынтымак жана биримдикке чакырды

Эрдоган Хубер сарайында 91 спортчу жана искусство чеберлери менен ооз ачуу программасында жолукту. Президент Режеп Таййип Эрдоган биримдик жана ынтымакка
Эрдогандын чакыруусу

Эрдогандын чакыруусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган армян дооматтарына колдоо көрсөткөн өлкөлөрдү алгач өз тарыхтарындагы кара тактарды тазалоого чакырды. Эрдоган Стамбулда Эркин
Эрдоган Түркиянын баалуулуктарын санап өттү

Эрдоган Түркиянын баалуулуктарын санап өттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган иш дүйнөсүн колдой тургандарын айтып инвесторлорго ишеним берди. Эрдоган Стамбулда Эркин ишкерлер жана өнөр жайчылар коомунун
Эрдоган шайлоого карата иш-чараларын улантууда

Эрдоган шайлоого карата иш-чараларын улантууда

Президенттикке талапкер жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган шайлоо иш-чараларын кечээ Сакария жана Стамбулда улантты. Сакариядагы шайлоо үгүттөөлөрүндө

Пикириңиз барбы?

Информация
Посетители, находящиеся в группе Гости, не могут оставлять комментарии к данной публикации.
ИНФОРМАЦИЯ
  Обучение на Северном Кипре.
  Контакт: Almazfm@rambler.ru
{sape_links}
Активдештирүү