Кыргызская версия сайта   Русская версия сайта   Турецкая версия сайта
Сиз сайттын кыргызча бөлүмүндөсүз

БУУ: "Туркия - гуманитардык жардамды көп берген өлкө"

24 окт 2017
БУУ:
БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди, Түркиянын аракандык мусулмандарга карай гуманитардык жардамдары тууралуу, «Түркия гуманитардык жардам жагынан глобалдык түрдө жоомарт донор өлкө болуу өзгөчөлүгүн улантууда»,-деди.

Филиппо Гранди, Европа Биримдиги менен Кувейт жол башчылык кылган жана Эл аралык миграция уюму, Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссардыгы менен БУУнун гуманитардык иштер боюнча координация кеңсеси биргелеше өткөргөн «Аракандык баш калкалоочулар үчүн эл аралык жардам конференциясын» Анадолу агенттигинин кабарчысына талкуулап берди.

Мьянманын Аракан провинциясында армия жана фанатик буддистердин кол салуусунан качып Бангладешке баш калкалаган аракандык мусулмандардын негизги жашоо муктаждыктарынын камсыздалышы үчүн талап кылынган 434 миллион доллардык шашылыш фонддун 335 миллион долларынын камсыздалганын эске салган Гранди: «Конференциянын жыйынтыгына ыраазыбыз. Мындан мурда талап кылынган 434 миллион доллардык фонддун орто эсеп менен 4төн үчүн ушул конференция аркылуу камсыздаган болдук»,-деди.

25-августтан бери Мьянмадагы зомбулук окуяларынан качып Бангладешке баш калкалаган аракандык мусулмандардын санынын 600 миңден ашканын эске салган Гранди: «Бул көп жылдардан бери көрбөгөн эң ылдам өскөн жана чоң кризис»,-деди.

Гранди, Түркиянын БУУнун Женева кеңсесиндеги туруктуу өкүлү, элчи Али Нажи Корунун конференцияда айткан, «Пландалган долбоорлор жана тапшыруулар менен Түркия тарабынан (аркандык мусулмандарга) камсыздалган гуманитардык жардам көлөмү жалпысынан 50 миллион доллардан ашат»,деген сөздөрүнө токтолуп, Түркияны мактап өттү.

Гранди: «Муну айта кетейин Түркия гуманитардык жардам жагынан глобалдык түрдө жоомарт донор өлкө болуу өзгөчөлүгүн улантууда. Муну менен катар БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссардыгынын да дүйнөдө эң көп бозгунду баш калкалаткан мекеме экенин белгилей кетейин»,-деген серебин салды. dle 10.1
24

Бул темага дагы:

ООН:

ООН: "Турция - щедрая страна-донор по объемам оказываемой гуманитарной пом ...

Об этом заявил Верховный комиссар ООН по делам беженцев Филиппо Гранди
Туркия

Туркия "Шефкат" менен Газага гуманитардык жардам жиберди

Газ секторуна жардам менен 5 контейнер келди
Үч өлкөнүн чакырыгы

Үч өлкөнүн чакырыгы

АКШ, Англия жана Франция БУУну Сирияда курчоого алынган аймактарга абадан гуманитардык жардам жеткирүүгө чакырды. Үч өлкө Сирия өкмөтүнүн мындан мурда
«Түркия бир топ тармакта маанилүү роль ойноду»

«Түркия бир топ тармакта маанилүү роль ойноду»

БУУнун баш катчысы Түркиянын жайгашкан аймагы менен маанилүү өлкө экенин да баса белгиледи БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Түркиянын бир гана 2015 - жылдагы чоң
Түркиянын Сирияга жардамдары 5,5 миллиард доллар болду

Түркиянын Сирияга жардамдары 5,5 миллиард доллар болду

Түркияда 272 миңи лагерлерде конок кылынган 1 миллион 800 миң сириялык бар. Түркия ушул убакка дейре Сирияга 5,5 миллиард доллардык жардам берди. Сирияга

Пикириңиз барбы?

Информация
Посетители, находящиеся в группе Гости, не могут оставлять комментарии к данной публикации.
ИНФОРМАЦИЯ
  Обучение на Северном Кипре.
  Контакт: Almazfm@rambler.ru
{sape_links}
Активдештирүү