Кыргызская версия сайта   Русская версия сайта   Турецкая версия сайта
Сиз сайттын кыргызча бөлүмүндөсүз

30 - Август жеңиш майрамы

30 авг 2014
30 - Август жеңиш майрамы
30 – август мындан 92 жыл мурда 1922 – жылы Думлупынарда Мустафа Кемал Ататүрктүн башкы командирлигиндеги жеңиш менен бүткөн башкы командирлик согушунун күнү.
Бул күн, баскынчы күчтөр өлкөдөн кийинчерээк чыкса да мекен жерлери кайра алынган күндү билдирет. Мына ушул күн өлкө ичинде ар түрдүү чыгармачылыктар менен белгиленүүдө. Биринчи салтанат Аныткабырда өткөрүлдү.
Режеп Тайиип Эрдоган президент катары биринчи жолу катышкан салтанатка Ахмет Давутоглу да премьер – министрлик сыпаты менен катышты.
Анкарада биринчи салтанат президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигиндеги мамлекеттик кызматкерлердин Аныткабырды зыярат кылуусу менен башталды.
Зыяратта президент Эрдоган, парламенттин спикери Жемил Чичек, премьер – министр Ахмет Давутоглу, генштабдын төрагасы армиянын генералы Неждет Өзел, Республикалык Элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу менен жогорку сот мекемелеринин төрагалары, министрлер кеңешинин мүчөлөрү, күч командирлери жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Президент Эрдоган андан кийин Аныткабырдын атайын дептерине кол койду жана дептерге жазган текстин окуду. Президент Эрдоган «Азиз Ататүрк улуу жеңиштин 92 – жылында бизге мурас калтырган республиканы бизге максат катары көрсөткөн өнүккөн цивилизация деңгээлине жеткирүү үчүн болгон күчүбүз менен иштеп жана аракет кылуудабыз»,- деди. Президент Эрдоган : «Улуу жеңиш улутубуздун миң жылдык мекени Анадолунун түбөлүк мекенибиз экенин болгон күчү менен дүйнөгө дагы бир жолу көрсөтүүсү жактан да өзүнчө мааниге ээ»,- жеген сөздөргө орун берди. dle 10.1
128

Бул темага дагы:

Ахмет Давутоглу өкмөттү куруу менен милдеттендирилди

Ахмет Давутоглу өкмөттү куруу менен милдеттендирилди

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери жана премьер – министр өкүлү Ахмет Давутоглу президент Р. Т. Эрдоган тарабынан жаңы өкмөт куруу менен
Эрдоган Чанкаяда кызматын өткөрүп алды

Эрдоган Чанкаяда кызматын өткөрүп алды

12 - президент Эрдоган Чанкая сарайындагы салтанат менен кызматын 11 – президент Абдуллах Гүлдөн өткөрүп алды. Гүл президенттик кызматын өткөрүп берүү
Эрдоган бүгүн ант берип кызматын өткөрүп алат

Эрдоган бүгүн ант берип кызматын өткөрүп алат

Түркия, алгач ирет эл тарабынан президент болуп шайланган Режеп Таййип Эрдогандын ант берүү аземине жана 11-президент Абдуллах Гүлдөн кызматты өткөрүп алуусуна
Түркияда Адилеттик жана өнүгүү партиясынын курултайы өтүүдө

Түркияда Адилеттик жана өнүгүү партиясынын курултайы өтүүдө

12 жылдан бери бийликте турган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын курултайы өткөрүлүүдө. Премьер-министр жана шайланган президент Режеп Таййип Эрдогандын
Түркияда Министрлер кеңешинин жыйыны өтөт

Түркияда Министрлер кеңешинин жыйыны өтөт

61-Өкмөттүн акыркы Министрлер кеңеши премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде бүгүн акыркы жолу чогулат. Премьер-министрликтин борбордук
Бүгүн Улуттук коопсуздук кеңеши чогулат

Бүгүн Улуттук коопсуздук кеңеши чогулат

Улуттук коопсуздук кеңешинин август айындагы кезектеги жыйыны бүгүн болот. Президент Абдуллах Гүл акыркы жолу жетекчилик кыла турган жыйналышта 10-август

Пикириңиз барбы?

Информация
Посетители, находящиеся в группе Гости, не могут оставлять комментарии к данной публикации.
ИНФОРМАЦИЯ
  Обучение на Северном Кипре.
  Контакт: Almazfm@rambler.ru
{sape_links}
Активдештирүү