Кыргызская версия сайта   Русская версия сайта   Турецкая версия сайта
Сиз сайттын кыргызча бөлүмүндөсүз

ТҮРКСОЙ 2016-жылды – Жусуп Баласагын жылы деп жарыялады

03 дек 2015
ТҮРКСОЙ 2016-жылды – Жусуп Баласагын жылы деп жарыялады
Бул тууралуу Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди.

Улуу философ жана акын Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын урматына 2016-жыл ТҮРКСОЙго кирген мамлекеттерде Жусуп Баласагын жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди.
Анын айтымында, аталган демилгени ТҮРКСОЙ министрлеринин туруктуу кеңешинин XXXIII жыйынында Кыргызстандын атынан КРнын маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов демилгелеген.
ТҮРКСОЙдун министрлеринин туруктуу кеңешинин XXXIII жыйыны ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүйсөн Касеиновдун жетекчилигинин астында 26-28-ноябрда 2015-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланган Түркмөнстандын Мары шаарында өттү.
К.Кулуев мындай чечим КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылы 12-майдагы “Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы тууралуу” жарлыгына дал келет деп белгиледи. Анда КРнын Өкмөтүнө “ЮНЕСКОнун иштери боюнча КРнын улуттук комиссиясы, Эл аралык түрк маданияты уюму, Түрк академиясы жана башка эл аралык уюмдар менен биргеликте Ж.Баласагындын 1000 жылдыгын эл аралык деңгээлде өткөрүүнүн чараларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу” тууралуу тапшырма милдеттендирилген.
ТҮРКСОЙ министрлеринин туруктуу кеңешинде ТҮРКСОЙдун башкы катчылыгынын отчету жана уюмдун 2016-жылга ишмердүүлүгүнүн программасы бекитилди. Министрлер Азербайжандын маданият жана туризм министринин сунушун угуп, байыркы азербайжандын Шеки шаарын 2016-жылдагы ТҮРКСОЙдун маданий борбору деп тандашты. dle 10.1
840

Бул темага дагы:

Түркияда А. Осмоновдун 100 жылдыгы белгиленди

Түркияда А. Осмоновдун 100 жылдыгы белгиленди

Алыкул Осмоновдун туулгандыгынын 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында “Мен кыргыздын акыны” («Ben şairi Kırgız’ın») аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары өттү.
Түркияда Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт

Түркияда Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт

Китеп акындын 100 жылдыгына арналып чыгарылган. 12-октябрда Түркиянын Амасья шаарында, 13-октябрда Анкарада акын Алыкул Осмоновдун түрк тилинде жарык көргөн
Кыргыз мамлекети көңүл сыртында калган жок

Кыргыз мамлекети көңүл сыртында калган жок

ТҮРКСОЙдогу Кыргызстандын өкүлү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, акын Кожогелди Култегин менен болгон маекте,Кыргызстандагы маданий иш-чаралар
Кыргызстандык журналисттер ТҮРКСОЙдо

Кыргызстандык журналисттер ТҮРКСОЙдо

Кыргызстандан келген журналисттер Түрксойду түрө кыдырды. 2015- жылдын 11-мартында Кыргызстандан келген журналисттер Мирхамид Токтогулов, Роза Абиталипова
Түрк мамлекеттери ЮНЕСКОдо биргелеше иш алып барат

Түрк мамлекеттери ЮНЕСКОдо биргелеше иш алып барат

Түрк тилдүү мамлекеттер түрк дүйнөсүнө таандык салттык жана маданий мурастардын корголуусу жана таанытылуусу үчүн биргелеше иш жүргүзүүгө чечим чыгарышты.
Түркмөнстандын Мары шаары

Түркмөнстандын Мары шаары "2015-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" ...

21-ноябрда Татарстан Республикасындагы Казань шаарында "Түрксой" маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 32-жыйыны болуп өттү. Ага маданият министри

Пикириңиз барбы?

Информация
Посетители, находящиеся в группе Гости, не могут оставлять комментарии к данной публикации.
ИНФОРМАЦИЯ
  Обучение на Северном Кипре.
  Контакт: Almazfm@rambler.ru
{sape_links}
Активдештирүү