Кыргызская версия сайта   Русская версия сайта   Турецкая версия сайта
Сиз сайттын кыргызча бөлүмүндөсүз

Түркияда А. Осмоновдун 100 жылдыгы белгиленди

15 окт 2015
Түркияда А. Осмоновдун 100 жылдыгы белгиленди
Алыкул Осмоновдун туулгандыгынын 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында “Мен кыргыздын акыны” («Ben şairi Kırgız’ın») аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары өттү.

13-октябрда Түркиянын Амасья шаарындагы университетте жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданият уюму болуп саналган эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун кеңсеси жайгашкан Анкарада белгилүү кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун туулгандыгынын 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында “Мен кыргыздын акыны” («Ben şairi Kırgız’ın») аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары өттү. Аталган иш чарага Кыргызстандан Түркияга атайын келген маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын директору Кыргызбай Осмонов, кинорежиссер Тынай Ибрагимов, Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров, Алыкул Осмоновдун үй-музейинин директору, адабият таануучу Памирбек Казыбаев жана искусство ишмерлери, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов, Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Ялчын Топчу, Евразия жазуучулар бирлигинин мүчөлөрү, ТҮРКСОЙдун Башкы директорунун орун басары Фырат Пурташ, кыргызстандык, түркиялык, казакстандык абадият, маданият ишмерлери, Түркияда окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар катышты.
Анкарадагы иш чара 10-октябрда террордук жардыруудан шейит кеткен түркиялык жарандардын арбагын бир минута эскерүү менен башталды. Алгач Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, аталган китепти басмага даярдап чыгарган Кожогелди Култегин А. Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу кыскача баяндама жасады. Андан соң Төлөмүш Океев атындагы киностудия тарабынан тартылган акын тууралуу документалдуу фильмден үзүндү көрсөтүлдү. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов кыргыз элинин залкар акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдык юбилейин бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн алкагында белгилөө тууралуу демилге көтөргөндүгү үчүн ТҮРКСОЙдун жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Министр Алтынбек Максутов Алыкул Осмоновдун бир кылымдык юбилейин белгилөө үчүн кыргыз Өкмөтү атайын Токтом кабыл алып, иш чаралардын планын белгиленгендигин жана Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан иш чаралар тууралуу айтып берди. Кожогелди Култегин Алыкул Осмоновдун ырларын түрк тилине которгон түркиялык акындар Кенан Чарбога жана Ибрагим Туркханга ыраазычылык билдирди.
Андан соң Т. Сатылганов атындагы филармониянын директору Кыргызбай Осмонов Алыкул Осмоновдун «Ата Журт» деген обондуу ырын аткарып берсе, Кыргыз эл акыны Мелис Абакиров акындын ырларынын мааниси жана ушул кезге чейин жоголбой, унутулбай, турмуш менен сүйүүнүн гимни катары ырдалып жүргөндүгүнүн себебине токтолду. Анкара университетинин доценти, профессор Гүлзура Жумакунова акындын ырларына илимий баяндама жасады. Мындан тышкары түркиялык жана казакстандык адабият ишмерлери түрк тилдүү элдердин адабий, маданий кызматташтыгы тууралуу сөз сүйлөштү.
Иш чара Кыргызстандан келген искусство ишмерлеринин концерти жана А. Осмоновдун юбилейин өткөрүүгө жана китепти чыгарууга салым кошкондорго сыйлык тапшыруу менен аяктады. dle 10.1
223

Бул темага дагы:

Түркияда Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт

Түркияда Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт

Китеп акындын 100 жылдыгына арналып чыгарылган. 12-октябрда Түркиянын Амасья шаарында, 13-октябрда Анкарада акын Алыкул Осмоновдун түрк тилинде жарык көргөн
Алыкул Осмонов Анкарада эскерилет

Алыкул Осмонов Анкарада эскерилет

Евразия жазуучулар биримдиги менен КДМК Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгын белгилейт. Кыргыздын чыгаан акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгы Түрк дүйнөсүндө
Кыргызстандык журналисттер ТҮРКСОЙдо

Кыргызстандык журналисттер ТҮРКСОЙдо

Кыргызстандан келген журналисттер Түрксойду түрө кыдырды. 2015- жылдын 11-мартында Кыргызстандан келген журналисттер Мирхамид Токтогулов, Роза Абиталипова
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов кыргыз студенттерин мекенди ...

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов кыргыз студенттерин мекенди ...

Түркиянын Анкара шаарында 20-декабрда "Курманжан датка" тасмасы тартууланды. Фильмди көрсөтүү Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен Түркиянын
Түркиялык авиакомпания

Түркиялык авиакомпания "Жүк 200" жаатында Кыргызстанга көмөктөшүүгө даяр ...

Түркиялык авиакомпаниялардын бири "Жүк 200" жаатында Кыргызстанга көмөктөшүүгө даяр. Маалыматты 19-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси мекендештери менен жолукту

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси мекендештери менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов Анкарада мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.Ибрагим Жунусов өз

Пикириңиз барбы?

Информация
Посетители, находящиеся в группе Гости, не могут оставлять комментарии к данной публикации.
ИНФОРМАЦИЯ
  Обучение на Северном Кипре.
  Контакт: Almazfm@rambler.ru
{sape_links}
Активдештирүү