Кыргызская версия сайта   Русская версия сайта   Турецкая версия сайта
Сиз сайттын кыргызча бөлүмүндөсүз

Кыргызстандык журналисттер ТҮРКСОЙдо

13 мар 2015
Кыргызстандык журналисттер ТҮРКСОЙдо
Кыргызстандан келген журналисттер Түрксойду түрө кыдырды.

2015- жылдын 11-мартында Кыргызстандан келген журналисттер Мирхамид Токтогулов, Роза Абиталипова жана Мирлан Самыйкожо Эл аралык түрк маданият уюму- ТҮРКСОЙго барып, анын башкы катчысы Касейинов Дюсен Курабаевич баштаган жетекчилери менен баарлашты. Бул жолугушуда тектеш тилдеги мамлекеттер аралык маданий иштердин үзгүлтүксүз болуп жатканы жана кийинки иш максаттары тууралуу сөз болду. Өзгөчө басым жасалган негизги кептин өзөгү Кыргызстан менен болгон карым-катнашы жана байланышы болду. Өткөн жылдагы Кыргызстанда белгиленген улуу акын Т. Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси баш болгон бир топ маданий иш чаралар Эл аралык түрк маданият уюму менен биргеликте өтүп жатканын Түрксойдун башкы катчысы Касейинов Дюсен Курабаевич баса белгиледи. 2015-жылга максатталган иш чаралардын алкагына кирген залкар композитор К. Молдобасанов, кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы А.Осмонов өңдүү таланттардын да туулган күнүнө арналган салтанаттары эл аралык деңгээлде өтөөрүн айтты.

Буга толуктоо иретинде Турксойдун кыргыстандагы өкүлү КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер К.Култегин Эл аралык түрк маданият уюму, Кыргызстанда белгиленген маданий мааракелерди унутта калтырбасын жана бизден биринчи булар белгилеп сунуш айтып турарын билдирди. Ушул жылга белгиленген иштерибизди чабалдык кылбай убагы менен даярдап Түрксой менен биргеликте өткөрүшүбүз керек деп эскертти. Жогоруда айтылган сөздөрдү тастыктоо иретинде Түрксойдун башкы катчысы Касейинов Дюсен Курабаевич Эл аралык түрк маданият уюмуна кирген мамлекеттердин өкүлдөрүн жыйындар залына чогултуп атайын кеңешме өткөрүү менен жыйынтыктады. dle 10.1
115

Бул темага дагы:

ТҮРКСОЙ сыйлыктарын тапшырды

ТҮРКСОЙ сыйлыктарын тапшырды

2015 Халдун Танер жылынын ачылышы жана ТҮРКСОЙ басма сөз сыйлыктарын тапшыруу аземи өткөрүлдү Түрк маданиятына кызмат кылган ТҮРКСОЙ түрк мамлекеттеринде
Стамбул жаңы жыл туризминин да сүймөнчүгү

Стамбул жаңы жыл туризминин да сүймөнчүгү

Көп сандаган чет элдик жаңы жылга Стамбулда кирүүнү тандап жатат. Стамбул Ататүрк аэропорту өзгөчө бул күндөрдө жаңы жылды Стамбулда тосууну каалап, өлкө
Түрк мамлекеттери ЮНЕСКОдо биргелеше иш алып барат

Түрк мамлекеттери ЮНЕСКОдо биргелеше иш алып барат

Түрк тилдүү мамлекеттер түрк дүйнөсүнө таандык салттык жана маданий мурастардын корголуусу жана таанытылуусу үчүн биргелеше иш жүргүзүүгө чечим чыгарышты.
Түркмөнстандын Мары шаары

Түркмөнстандын Мары шаары "2015-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" ...

21-ноябрда Татарстан Республикасындагы Казань шаарында "Түрксой" маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 32-жыйыны болуп өттү. Ага маданият министри
Президент Алмазбек Атамбаев ТЮРКСОЙдун Башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл ...

Президент Алмазбек Атамбаев ТЮРКСОЙдун Башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл ...

Бүгүн, 2014-жылдын 15-октябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөгө акын, композитор Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнөн 150
Операнын жылдыздары Түркияга келишет

Операнын жылдыздары Түркияга келишет

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында көркөм өнөр жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү максаты менен көп сандаган долбоорду ишке ашырган Эл аралык Түрк маданияты

Пикириңиз барбы?

Информация
Посетители, находящиеся в группе Гости, не могут оставлять комментарии к данной публикации.
ИНФОРМАЦИЯ
  Обучение на Северном Кипре.
  Контакт: Almazfm@rambler.ru
{sape_links}
Активдештирүү